Марлен Маматалиев: «Төрт министрдин кызматтан алынганы жакшы көрүнүш»

Аптанын башында 2 министр бошотулуп, 2 министр өз арызы менен кызматтан кетти. Бул окуя жалпы Министрлер кабинетине көлөкө түшүрбөйт койбойт. Кийинки аптада Акылбек Жапаровдун Министрлер кабинетин башкарып жатканына толук бир жыл болот. Буга байланыштуу депутаттардын өкмөткө берген баасын сурадык.

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, 4 министрдин кызматтан алынганы жакшы көрүнүш. «Эгер иштебеген министр болсо же ызы-чууга байланыштуу болсо, кызматтан алынышы керек. Эгер жакынкы арада дагы 4-5 министр милдетин аткара албай жатса, кетириш керек. Ал эми Акылбек Жапаровдун иши боюнча отчет келиши керек. Ошондо сөзсүз өзүбүздүн баабызды беребиз. Ал кызматка казынанын кирешесин көтөрөм деп келген. Аткара албаган болсо, аткарган жоксуң дейбиз», — деди ал.