Марсбек уулу Ильич ишеним жоготту делип, министрдин орун басарлыгынан бошотулду

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Марсбек уулу Ильич ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

«Чечим “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муинципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна (ишеним жоготуу) ылайык кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМК Кыргызстанда ата мекендик айыл чарба продукцияларын чет өлкөгө тоскоолдуксуз чыгаруу үчүн жогорку кызматтагы адамдар жана айрым компаниялардын өкүлдөрү коррупциялык схема түзүп алышканы аныкталганын билдирип, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин учурдагы орун басары кармалганын билдирген.