Масадыков: «Бүгүнкү күндө талиптерди таанууга даяр эмеспиз»

Бүгүн биз талиптерди таанууга даяр эмеспиз. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Бишкекте өтүп жаткан Ооганстан боюнча эл аралык маалымат жыйында билдирди.

«Биз учурда талибдерди таануу жөнүндө сөз кылбай элебиз. Бирок Афганистандагы бийлик менен сүйлөшүү жүргүзүү тууралуу айтып жатабыз», — деди ал.