Масалиев: «Финансы министрлиги Кумтөрдөн түшкөн акчаны көргөн жок»

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин жыйынында «Кумтор голд компани» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты угууну сунуштады.

«Коомчулукта Кумтөрдүн тагдыры ар кандай талкуу болуп жатат. Кенди башкарган киши «861 миллион долларлык алтын саттык, 13 миллиард сом салык түштү» деди. А бирок Финансы министрлиги ал акчаны көргөн эмес деген маалыматтар да чыгууда. Жакынкы жыйындарга Кумтөр боюнча маалыматтарды угуп койсок», — деди депутат.

Буга чейин Министрлер кабинетинин жыйынында «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жыл үчүн алтынды сатуудан 856 миллион доллар  түшкөнүн, 13,6 миллиард сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгонун айткан.