Масалиев: «Кайсы бир жарандын ЖОЖдо окуп же окубаганы — бул чекисттердин иши эмес»

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев УКМК тарабынан Орозайым Нарматованын дипломуна байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралуу үн катты.

«1. Ал өз убагында ЖОЖго тапшыруу үчүн бардык керектүү документтерди тапшырган. Анан кайсы бир документ азыр табылбай жатса, анда ал Орозайым Нарматованын күнөөсү эмес. Ал окуп, сынак тапшырып, курстан курска өтүп, бүтүрүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган. Окуусунун жыйынтыктарынын негизинде ага жасалма эмес, чыныгы диплом диплом беришкен. 
2. Тергөөчүлөрдүн ал Москвада болгон жана сынактарды тапшыра алмак эмес деген логикасы негизсиз. Мен юридикалык факультетте сырттан окуп, Ошто кызмат өтөгөм, демек, мен да сынак тапшырбай калган болуп каламбы? Азыркы президент деле армияда жүрүп, сынактарды ийгиликтүү тапшырган, демек, аныкы да кылмышпы?
3. Мыйзам депутаттан жогорку билимдин болушун талап кылат, аны диплом тастыктайт. Адам такыр ЖОЖдо окубаган учурда диплом жасалма да болот, ушундай дипломдуу болот. Орозайым Нарматова окуган жана анын курсташтары менен мугалимдери бар. 
4. Чекисттерге саясий оппоненттерге каршы күрөшүүдө кимдир бирөөнүн куралы болбой, өз иши менен алек болууга убакыт келди. Улуттук коопсуздукту камсыздоо менен алек болууга. Кайсы бир жарандын ЖОЖдо окуп же окубаганы — бул чекисттердин иши эмес.
5. Менимче, УКМКнын тергөөчүлөрү тез арада «Ысык-Көл» мейманканасын бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгошу керек. Курулушуна эч кандай долбоору жок туруп, бекем мамлекеттик имаратты талкалоо — бул кылмыш», — деп жазган Исхак Масалиев.