Масалиев Мадумаровдун кармалышы боюнча: «Жигиттер, токтоткула! Кыйшык жол менен кеттиңер»

«Адахандын сөзү, иш-аракеттери айрым кишилерге жакпайт». Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев жазды.

«Чоңдордун алдында жүгүнбөйт, бирөөгө кошомат кылганы байкалбайт. Башкалар Адаханды элге кызмат кылып, ачуу чындыкты айткан адам катары кабыл алышат. Тарапташтары туу катары баалашат. 5-микрофонду көптөгөн жарандарыбыз угуп турат. Азыркы камакка алган кадам — тергөө кызматкерлеринин, соттун мыйзамды одоно түрдө бузгандыгы.

Бирөөнүн тапшырмасын аткарганы көрүнөт. 14 жыл мурда президенттин түзмө-түз тапшырмасын аткарса, өкмөттүн сунушунун негизинде протоколго кол коюп, ушундай кадам кылсак болот, өкмөттөр керектүү чечимди кабыл алса, Жогорку Кеңеш бекитип берсе гана ишке аша турган кагаз үчүн чыккынчылык деген берене менен Адаханды жоопко тартуу болбойт.

Нурлан Шакиев тез арада чара колдонсо туура болмок. Жогорку Кеңештен июнда бир берене боюнча депутат Мадумаровду жоопко тартуу үчүн макулдук алышкан, ал эми такыр башка берене менен камалганы кантет?! Ким ушул камоонун демилгечи болсо да, мен эскертип койгонго милдеттүүмүн. Токтоткула, жигиттер. Кыйшык жол менен кеттиңер! Түбөлүккө эч нерсе берилбейт, айрыкча бийлик, амал. Бул күндөр өтөт», — деп жазды ал.