«Маскара болуп эмне кыласыңар?». Жогорку Кеңештин төрагасы «блогер» болуп кеткен жетекчилерди сындады

Бүгүн, 3-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу баскан-турганын телефонго тартып чыгарып жаткан жетекчилерге кайрылды.

«Акыркы убакта шаар, район, облус башчылары баскан-турганын телефонго тартып жатат. Жарашабы-жарашпайбы, ыгы барбы же жокпу көчөгө чыгып алышты. Унчукпай ошол жерде иштөө алардын милдети. Жүктөлгөн ишти аткарса эл баалайт, аны пиар кылыштын кереги жок. Баары эле Оштун мэрин туурап көчөгө чыгып кетти. Ага жарашып жатат. Башкалар маскара болуп эмне кылышат? Ал силердин милдетиңер. Телефон көтөрүп, 1-2 блогер ээрчитип алганды токтоткула», — деди төрага.