«Кечээги жыйында биздин коллегабыз массалык камоо болду деп жар салды. Белгилүү саясатчылар, белгилүү журналисттер кармалды деп айтты. Мен ага кошулбайм», — деди депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында.
«Мен белгилүү башка саясатчыларды тааныйм. Кармалгандар — бул «дүжүр» саясатчылар. Алар бийлик берсе, бийликти мактайт, бербесе жамандайт. Кыргызстанга аттын кашкасындай белгилүү болгон саясатчыларды билем», — деди ал.
Ал бир катар саясатчылардын ысымын атап келип, анын катарында Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди да атай өттү.