Матраимов АКШнын «кара тизмесине» кирди

Американын Кошмо Штаттары Райымбек Матраимовго санкция салды. Тагыраагы ал Магнитскийдин акты деп аталган кара тизмеден орун алды. Санкция дегенде, анда АКШнын аймагына кирүүгө визалык чектөө, аталган өлкөнүн банктарындагы же америкалык жарандардын көзөмөлүндө болгон финансылык активдерин жана мүлктөрүн арестке алуу өңдүү чаралар колдонулат. Санкция салынган адам менен алыш-бериш жүргүзүүгө да тыюу салынат. АКШнын Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов коррупцияга аралашкан же ошол ишке жоопкер катары көрсөтүлгөн.

Өткөн аптада АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Дональд Лу коомдук жана саясий окуяларга карата билдирүү жарыялап, анда эл аралык кылмыштуу торлорду жок кылууда Кыргыз өлкөсүнө жардам берүүгө даярдыгы сөз козголгон эле. Элчинин айтымында, АКШнын укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуулуктун ири фигураларынын иштерин иликтөөдө көмөк көрсөтүүнү сунуш кылган болчу. Буга карата Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги “элчинин сөзүндө ички иштерге кийлигишүү жана тергөө ишине кысым көрсөтүү элементтери бар” деп жооп кайтарган.