Матраимов 2 миллиард сомдун жарымынан көбүн төктү

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген зыяндын 61 пайызынын ордун толуктады. Тагыраагы ал 18-декабрга карата бюджетке 1 миллиард 223 миллион сом төктү. Мунун ичинен 450 миллион сомду соңку 10 күн ичинде которгон.

Матраимов 20-октябрда УКМК тарабынан кармалып, бирок тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде камакка алынган эмес. УКМК Матраимовдун мамлекетке 2 миллиард сом зыян келтирди деп шектелип жатканын, бул сумманы ноябрь айынын аягына чейин бюджеттин эсебине которорун маалымдаган болчу.

Ушул эле айда адегенде Райымбек Матраимов, ага удаа эле жубайы Уулкан Тургунова АКШнын “кара тизмесине” кирген.