Матраимовчу депутат Камчы Көлбаевге болушуп чыкты

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өттү. Ага тышкы иштер министри Руслан Казакбаев дагы катышты. Жыйындын жүрүшүндө депутат Шайлообек Атазов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу тууралуу суроо салды.

«АКШнын элчиси Дональд Лу Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип, биздин жарандардын укугун тепсеп, сот тарабынан кылмышкер деп табыла элек адамдардын башына акча сайып жатат. Элчиге нааразычылык ноталарын берип, тыйып койбойсуздарбы? Тышкы иштер министри катары биздин жарандардын укугун коргобосоңуз, мен депутат катары бул жерде отуруп коргобосом, кандай болсо да Кыргызстандын жараны да булар», — деди Атазов.

Руслан Казакбаев буга жооп катары тышкы саясаттагы нааразычылык билдирүү ички саясаттагы нааразычылык билдирүүдөн айырмаланарын билдирди. Кыргызстандын ички иштерине түздөн-түз кийлигишүүнүн белгилери байкалганда, нота жөнөтүлүп жатканын, бирок анын баары коомчулукка ачык чыгарыла бербей турганын белгиледи.

«Ошону менен катар Дональд Лу Кыргызстандагы тажрыйбалуу элчилердин бири, ал Кыргызстанда экинчи жолу иштеп жатат. Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу, көп тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө аракет кылууда. Ал эми Кыргызстандын жарандарын тизмеге киргизип же болбосо акча белгилеп деп жатпайсызбы, ал ар бир мамлекеттин өзүнүн иши. Эгерде АКШнын жараны биздин мыйзамдарды бузса, аны кармоого же өзүбүздүн тизмеге киргизүүгө, ал боюнча баяндама жасоого укугубуз бар», — деди тышкы иштер министри.

Анда Атазов АКШнын элчилиги ошончолук адилеттүү болсо, Кыргызстанды тоноп-талап кеткен кээ бир саясатчыларыбызды өткөрүп беришин талап кылды. Казакбаев бул боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары менен АКШнын укук коргоо органдарынын ортосунда иштер жүрүп жатканын, аларды ачыктай албай турганын айтты.

Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Камчыбек Көлбаевди камакка алууга же Көлбаевдин кылмыштуу уюмунун каржылык схемаларын жок кылууга жардам бере турган маалымат үчүн сый акы 5 миллион долларга жогорулагандыгын жарыялаган.

Шайлообек Атазов Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду колдоо иретинде өткөн митингдин активдүү катышуучусу катары таанымал. Ал Жогорку Кеңешке 7-мартта Искендер Гайпкуловдун ордуна келген.