Матраимовдордун жактоочусу райондук сотко судья болду

Кечээ, 6-январда президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытовдун макулдугу менен жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Алардын талапкерлиги Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан сунушталган.

Ошентип, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна Айдай Жарматова, Мирлан Жолдошбаев, Свердлов райондук сотуна Таалайбек Абыкеев, Лейла Байдаева, Алтынбек Түмөнов, Ленин райондук сотуна Мелис Өмүралиев, Марлен Тентимишов, Ысык-Көл облустук сотуна Бермет Мырзаканова, Нарын облустук сотуна Замир Алыбаев судья болуп барды.

Президенттин милдетин аткаруучунун Жогорку Соттун судьясынын бош кызмат ордуна шайлоо үчүн 1 талапкер боюнча тийиштүү сунуштама-каты Жогорку Кеңешке жиберилди.

Бул дайындоолордун арасында Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жана “Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун” жактоочусу Лейла Байдаева да бар болгону коомчулукта сөз болуп жатат.