Матраимовду Илмиянов калкалап турганбы? Сегизбаевден дагы бир «секрет»

Атамбаевдин учурунда, 2016-2017-жылдарда бажы жана салык кызматтарындагы коррупциянын башында Икрамжан Илмиянов турган. Ал саясий фигура катары ана башы болгон”. Бул тууралуу УКМКнын мурдагы төрагасы, президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Абдил Сегизбаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дал ушул иштин алкагында Илмияновго карата «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок ал иш кийин өзгөрүп, Илмиянов жеңил жазанын негизинде жоопко тартылганын айтты.

Илмиянов 2018-жылы октябрда кармалып, ага карата «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып тагылган. 2019-жылы октябрда жети жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү да конфискацияга алынган. Быйыл июнь айында бул иш экинчи инстанцияда каралып, анын жаза мөөнөтү бир жыл алты айга кыскарган. Кийин Жогорку Сот ошол өкүмдү күчүндө калтырган. Илмиянов жатак абакка чыгарылган.