Матраимовдун ишин караган прокурор Матраимовдун кишилеринин биринин инисиби?

Матраимовдун ишин караган прокурор Орозбек Бердибаев мурдагы бажычылардын  биринин иниси экени аныкталды. Бул тууралуу Фактчек.кж сайтынынын иликтөөсүндө айтылат.

11-февраль күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Раимбек Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин караган соттук отурум болуп өткөн. Анда прокурордук кылган Орозбек Бердибаев журналисттердин суроолорго жооп берүүдөн качкан эле.

Соттун жүрүшүндө прокурор Орозбек Бердибаев  Матраимовдун мамлекетке келтирилген 2 миллиард зыянды төлөп бергендигин белгилеп, тергөөнүн менен Кызматташуу келешимине макулдугун бергени үчүн 260 миң сом айып пул төлөшү керек деген жазаны талап кылган. Соттун чечими бир саатка жетпеген аралыкта чыгып, Матраимов 260 миң айып пулду төлөөгө милдеттендирилген эле.

Аталган сайт ишти караган тергөөчүнүн бир тууган агасы Түштүк-батыш бажы кызматын жетектегенин аныктады. Прокурордун агасы Алмаз Бердибаев “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлү Мирлан Бакировдон фейсбук аркылуу куттуктоолорду кабыл алып, социалдык баракчаларда комментарийлерди калтырышкан.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы Матраимовдор тарабынан негизделип, Раимбек Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Матраимов дал ушул партия менен биргеликте шайлоого аттанган эле.

 

Матраимовдун ишин караган Орозбек Бердибаевди социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу Нургуль Бердибаева аттуу колдонуучу куттуктаган. Фамилиясы окшош болуп турган аккаунтту андан ары карасаңыз Мээрим Бердибаева жана Алмаз Бердибаев аттуу колдонуучулар прокурордун  бир туугандары экенин көрүүгө болот.

 

 

Мээрим Бердибаеванын сүрөттөрүнө «карындашым» деп жазган Алмаз Бердибаев, башкача айтканда прокурордун бир тууган агаы Түштүк-Батыш бажы кызматын жетектегени аныкталды.

Дал мына ушул бажычынын иниси Орозбек Бердибаевди «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү Мирлан Бакиров Фейсбук аркылуу туулган күн менен куттуктаганын көрүүгө болот. Бул партияны болсо Матраимовдор негиздеп, Искендер Матраимов ушул партия менен бирге шайлоогон аттанган болчу.