Матраимовдун кайниси Мамытовдун кеңешчиси болгону ырасталды

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Матраимовдун кайниси Мамытовдун кеңешчиси болгон деген маалыматты журналисттерге ырастады. Анын айтымында, ал азыр иштебейт.

Тынчтык Сулайманов Талант Мамытовдун кеңешчиси болуп 2019-жылдын май айына чейин иштеген. Анын Райымбек Матраимов менен туугандык байланышы бар экендиги билинген соң, кызматынан бошотулган. Мындайча айтканда, Саймаитинин иши боюнча депутаттык комиссия иштеп баштаган учурда Сулайманов Мамытовдун кеңешчиси болгон эмес жана комиссиянын ишинин жүрүшүнө эч кандай таасир эте алмак эмес”, — деди басма сөз катчы.

Кечээ журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темиров кезектеги иликтөөсүн жарыялашты. Алардын материалына ылайык, Матраимовдун кайниси Тынчтык Сулайманов Мамытовдун кеңешчиси болуп иштеген. Ал эми Мамытовдун ага чейинки кеңешчиси, ошол эле учурда тууганы Азамат Эсенжан уулу Бажы кызматына инспектор болуп ишке алынганы айтылат. Мындайча айтканда, Мамытов менен Матраимов туугандарын бири-бирине кызматка алышкан болуп чыга келет.