Матраимовдун өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткендиги тууралуу билдирүүлөр социалдык тармактарда талкуу болуп жатат. Бул кептердин чын-бышыгын аныктоо үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылсак, алар Чек ара кызматынан сурообузду айтышты. Ал эми Чек ара кызматынын басма сөз катчысы көндүм болуп калган  жоопту кайтарып, мындай маалымат коомчулукка берилбей турганын билдирди.

Өткөн аптада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Матраимов мамлекетке кайтарым берем деген 2 миллиард сомду акчалай, калганын кыймылсыз мүлктөрү менен төккөнүн билдирген эле. Ошондой эле Матраимовго карата ачылган кылмыш иштери бүтө электигин улам журналисттерге кайталап айтып, анын үй камагында экенин кошумчалаган болчу.