Матраимовдун тарапташтары аны Исхак Раззаковго теңешти

Бишкек шаарында, УКМК имаратынын алдында кечээ камакка алынган Райымбек Матраимовду колдоп келгендер митингге чыгышты. Ар кандай транспаранттарды көтөрүп чыккан элүүдөй киши митингден соң Биринчи Май райондук сотко чейин жөө барабыз дешти. Митингге модераторлук кылган Шайлообек Атазов Матраимовду кыргыздын чыгаан уулу Исхак Раззаковго теңеди. «Раззаковду дагы ушинтип жамандап жүрүп жек көрсөтүшкөн»,- дейт Атазов. Ошондой эле бул митингде иликтөөчү-журналист Али Токтакуновду күнөөлөп, «сенин айыңдан эл экиге бөлүнүп жатат, тынч жаткан элди ойготтуң» деген өңдүү кептерди айтышты. Сөз сүйлөгөндөрдүн бири «Матраимовду Кытайга элчи кылып жибериш керек» деген да пикирин айтты.

Эске салсак, 2019-жылы иликтөөчү-журналисттердин Бажы кызматындагы коррупциялык схемалар боюнча бир нече иликтөөлөрүнөн улам коомчулук бийликтен бул иштер боюнча чара көрүүнү талап кылып Ак үйдүн алдында митингдерди өткөрө башташкан. Алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камакка алынышын, бажыдагы коррупциялык схемаларга чек коюлушун талап кылып келишкен. Жакында УКМК Матраимовго «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, ал тергөө менен иштешүүгө макул болуп, мамлекетке келтирилген 2 миллиард сомдук чыгымды калыбына келтирген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны «коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Ал эми кечээ, 18-февралда УКМК Матраимовду жаңы иш, кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча камакка алган. Бүгүн анын баш коргоо чарасы каралары айтылды.