Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн өлкөгө келген Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды.
Кыргыз-Орусия кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Валентина Матвиенкону жылуу кабыл алып, кыргыз-орус мамилелери оң динамикага ээ экенин жана жашоонун дээрлик бардык чөйрөсүн камтыганын белгиледи. Эки өлкөнүн мамилеси стратегиялык жана союздаштык мүнөзгө ээ. Бул контекстте президент Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жакында болгон расмий сапары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө маанилүү түрткү болгонун баса белгиледи. Мамлекет башчысы парламенттер аралык кызматташууга токтолуп, Валентина Матвиенконун жеке колдоосу менен парламенттик дипломатия эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү каналына айланганын баса белгиледи.
Сүйлөшүү учурунда ошондой эле Валентина Матвиенко президент Садыр Жапаровго өлкөдө орус тилин колдоого алып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн жетекчилеринин демилгеси менен Кыргызстанда 9 заманбап кыргыз-орус мектебин куруу сыяктуу ийгиликтүү долбоор ишке ашырыла турганын баса белгиледи.
Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Алмаз Бакетаевди Улуттук...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-марттагы жыйынында Ормонов Улугбек Зулпукаровичке № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, Калбердиева Мавлюда Калмаматовнага №...
"Бир катар маалымат сайттарда Эдиль Байсалов кызматтан кетип, анын ордуна Догдуркүл Кендирбаева, ал эми Социалдык фондунун жетекчиси Бактияр Алиев кызматтан...
Бүгүн, 17-мартта курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен биргеликте жеке курулуш...
Бүгүн, 16-марттагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту....