Матвиенко Садыр Жапаровго орус тилин колдоого алып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн өлкөгө келген Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды.

Кыргыз-Орусия кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Валентина Матвиенкону жылуу кабыл алып, кыргыз-орус мамилелери оң динамикага ээ экенин жана жашоонун дээрлик бардык чөйрөсүн камтыганын белгиледи. Эки өлкөнүн мамилеси стратегиялык жана союздаштык мүнөзгө ээ. Бул контекстте президент Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жакында болгон расмий сапары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө маанилүү түрткү болгонун баса белгиледи. Мамлекет башчысы парламенттер аралык кызматташууга токтолуп, Валентина Матвиенконун жеке колдоосу менен парламенттик дипломатия эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү каналына айланганын баса белгиледи.

Сүйлөшүү учурунда ошондой эле Валентина Матвиенко президент Садыр Жапаровго өлкөдө орус тилин колдоого алып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн жетекчилеринин демилгеси менен Кыргызстанда 9 заманбап кыргыз-орус мектебин куруу сыяктуу ийгиликтүү долбоор ишке ашырыла турганын баса белгиледи.