Матвиенко Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 400 миңдей кыргызстандыктын жеке маалыматтарын тапшырды

Кечээ, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду. Муну менен катар жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар тууралуу да сөз болду. Нурланбек Шакиев эки өлкө ортосундагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен  соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү зарылчылыгына токтолду.

Валентина Матвиенко акыркы жолу Кыргызстанга 2017-жылы келгенин айтып, бул иш сапарында өлкө тездик менен өнүгүп жатканына күбө болгонун, буга Бишкек шаарындагы өзгөрүүлөр мисал экенин айтты. Жолугушуу алкагында Матвиенко Шакиевге Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан 400 миңден ашуун кыргызстандыктын архивде сакталган жеке маалыматтары камтылган жыйнактын көчүрмөсүн тапшырды.