Медер Абакиров тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Медер Абакиров буга чейин ТИМдин алдындагы экинчи саясий департаменттин директору болгон.
Ал 1979-жылы 9-июнда Бишкек шаарында туулган. Кыргыз-Орус славян университетинин Юридика жана эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн.
2004-жылдан азыркы күнгө чейин Тышкы иштер министрлигинде иштеп келген. Англис, түрк тилдерин билет.