Медер Алиев: «Депутат болгондон бери, такыр той-ашка барбайм деп чечкем. Бирок кечээ бардым»

Депутат Улукбек Ормонов той-аш өткөрүүдө чектөөлөр камтылган мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Документ ысырапкорчулукка каршы жана пандемияга байланыштуу экендиги айтылат. Ага ылайык, үйлөнүү-үлпөт тойлоруна 200дөн 300гө чейин адам катышуусу керек. Маркумду акыркы сапарга узатуу ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз, куран окутуу 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлүшү шарт. Мыйзам долбоорунда бул талаптарды бузгандар жоопко тартылат, ал эми кызмат адамы болсо, иштен алынат деп жазылган. Буга байланыштуу SUPERTV телеканалынын «Собол TIME» рубрикасынын  алкагында депутаттарга кайрылдык.

Депутат Медер Алиев жамандык болгон учурда мал союу чыгымга алып келет деп ойлойт. Ал эми жакшылыкта чектөө болбой деле койсо болорун айтат. «Баарыбыз кыргызбыз. Эл арасында жүрөбүз. Жакшы-жамандыктар сөзсүз болот. Өзгөчө жамандык учурунда ашыкча чыгымдар болот. Эл эмне дейт, чоң мал союш керек, элге шылдың болобуз деп ошондойго муктаж, милдеттүү болуп, ушундай жол менен кетип жатат», — деди ал.

Ал ошондой эле, Жогорку Кеңешке баргандан бери той-ашка барбайм деп чечкенин айтты. «Эми жамандыкка барасың. Той-аш, шеринелерге 3 ай барбайын деп чечтим. Бирок кечээ бардым. 23-февралды белгиледик», — деди ал.