Медер Алиев: «Кыргыз тили менен бирге башка тилдерди билсек, мамлекет утушта болот»

Парламентте учурда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» конституциялык мыйзам долбоору кызуу талкууланып жатат. Анын алкагында бир-эки маанилүү жагдай көтөрүлүүдө. Мындан улам депутаттардын позициясын билип көрөлү деп чечтик.

«Улутсуз, тилсиз мамлекет болбойт. Биздин мамлекетибиз Конституцияда белгиленген көз карандысыз, демократиялык мамлекет. Өзүбүзгө таандык тилибиз, үрп-адатыбыз, салтыбыз бар. Кыргыз тили эч убакта кемсинтилбеши керек. Мамлекеттик жана менчик мекемелерде кыргыз тили баркталып, даңазаланып, колдонулушу зарыл. Ошону менен бирге 21-кылымда куру намыс менен эле «биз кыйынбыз» дей бербестен, анын агымы менен кошо агышыбыз шарт. Өзүбүздүн эне тилибизди жээрибестен, ыйык сактап, колдонуп, ошону менен бирге башка тилдерди билсек, мамлекет утушта болот», — деди депутат Медер Алиев.