Кечээ, 10-майда УКМК Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири болгон Алексей Ширшовдун коррупцияга шектелип кармалганын билдирип, бирок ошол эле күнү райондук соттун чечими менен үй камагына чыкты. Ширшовдун кармалышына байланыштуу «кустурат, кийин коё беришет» деген пикирлер айтылып, аны легалдаштыруу аракети болуп жатат дешүүдө. Мындан улам, депутаттарга «Ширшовду легалдаштыруу аракети болуп жатабы?» деген суроо менен кайрылдык.
Депутат Медер Алиевдин айтымында, Ширшовдун тергөө абагынан чыгып кеткени ал үчүн күтүүсүз болгон. «Өкүнүчтүү да болду. Ошондой чечим кабыл алган сот, туура эмес чечим кылды», — деди ал.












