Медер Карабаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Карабаев Медер Жаныбекович ээлеген кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка февраль айында келген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анын ордуна Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды. Аталган мекемеде өткөн жылдын ноябрь айынан бери жетекчиси үч жолу алмашты. Карабаевге чейин аталган комиссиянын директору болуп Акин Токталиев дайындалган эле. Ал өз учурунда Садыр Жапаровдун жактоочусу болгону менен элге таанымал.