Медербек Алиев: “Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек, шайлоо таза өтүп жатат”

«Ишеним» партиясынан депутаттыкка талапкер Медербек Алиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого №1113 шайлоо участогунан добуш берди.

“Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек, таза шайлоолордун бири болуп жатат. Бул жолкусунда мамлекеттик кызматкерлер, административдик ресурс, айыл өкмөт кийлигишкен жок. Анча-мынча мыйзам бузуулар болуп жатышы мүмкүн. Бирок бара-бара көч түзөлөт, элдин аң-сезими өзгөрөт”, — дейт Алиев.