Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 26-февралдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарын шайлоо маселесин карашты.
«Эл үмүтү — Ата Журт» депутаттык тобу Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматына депутат Медербек Алиевдин талапкерлигин көрсөттү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 74 депутат колдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Буга чейин депутат Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшырган. Андан тышкары, депутат Улукбек Узакбаев Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына кирди.