Медербек Сатыев президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Сатыев Медербек Асанбекович президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал башка ишке өткөн. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.