Садыр Жапаровду актаган сот жаңы кызматка дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Сатыев Медербек Асанбекович президенттик администрациянын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ал 1-июнда президенттин администрациясынын башчысынын биринчи орун басарлыгынан бошотулган. Ошондой эле, Медербек Сатыев 2013-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду актаган чечим чыгарган Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын курамында болгон.