Мээрбек Мискебаев: «Кайсы гана бийлик келбесин 7-апрелден сабак алышы керек. Жээнбеков сабак алган жок»

Кайсы гана бийлик келбесин 7-апрелден сабак алышы керек. Сооронбай Жээнбековдун дагы чоң катасы ошол 7-апрелден сабак албагандыгы. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Апрель элдик революциясынын баатыры Мээрбек Мискенбаев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Сооронбай Жээнбеков 3 жылда эле Бакиевдин катасын кайталады. Негизинен Курманбек Бакиев менен Сооронбай Жээнбековдун режимин экиге бөлүп кароого болбойт. Анткени экөө тең үй-бүлөлүк, кландык, криминалдык режим орноткон. Ошол үчүн өлкөдө 5-октябрдагы окуя болду», — деди ал.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.