Мээрбек Мискенбаев: «Бакиевдин убагында жашоого да, ойлонууга да мүмкүнчүлүк жок калган»

Бакиевдин убагында жашоого да, ойлонууга да мүмкүнчүлүк жок калган. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Апрель элдик революциясынын баатыры Мээрбек Мискенбаев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында, ал ошол учурда чакан бизнес менен алектенчү. Бирок Бакиевдин ошол учурда кылып жаткан мыйзамсыз иштерине көз жумуп тура алган эмес. «Атуул катары мындай жашоо болбойт, эркиндикке умтулуу керек деп ойлодум»,- деди ал.

Мындан тышкары ал 7-апрелде болгон окуяны эстеди. «Ак үйгө келатканда бизди ок менен атат деп эч ким ойлогон эмес. Дубинка менен сабашы мүмкүн деп ойлогонбуз. Ак үйдүн жанына келгенде эле, аткылап баштаганда, мен жарадар болгон жигиттерди көрүп нес болгом. Бул менин түшүмбү деп да ойлодум. Ошол учурда мага да ок тийди. Анда да мага ок тийди деп ойлогон жокмун», — деди ал.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.