Мээрбек Мискенбаев: «Жантөрө Сатыбалдиев Сооронбай Жээнбековго сен президент боло албайсың, бул ишти алпара албайсың деген. Ошонүчүн эле камап койду»

Кой-Таш окуялары боюнча айыпталып, бир жылдай тергөө абагында отуруп, анан үй камагына чыккан экс-депутат Мээрбек Мискенбаев «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берди. Ал «ТЭЦти жаңылоо иши кайра каралчу болсо Сооронбай Жээнбековдун дагы Асылбек Жээнбековдун дагы жоопкерчилиги каралыш керек» деп эсептейт.

«Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу айыбы үчүн эмес, Сооронбай Жээнбековду колдобойм дегени үчүн отурат. Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер болот дешкенде ал «түштүктө мындан артык адам жокпу» деп чыккан. Сооронбай Жээнбековдун өзүнө «мен сени колдой албайм, сен президент боло албайсың, ал ишти алпара албайсың» деген. Ошонүчүн эле камап койду»,- дейт Мискенбаев.

Маекти толугу менен шилтемеден көрүп, өз бааңызды бериңиз.