Мискенбаев: «Жээнбеков Атамбаевди «мен бийликке каршы чыга албайм, туугандарым чоң кызматта иштейт, болбосо, сен мененмин» деп алдап койчу»

Сооронбай Жээнбеков Акаев менен Бакиевден сабак албай, ал да үй-бүлөлүк клан кылып алган. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Апрель элдик революциясынын баатыры Мээрбек Мискенбаев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Сооронбай Жээнбеков көп жерде үй-бүлөлүк башкарууга каршы мен турам деп айтып келген. Бул тууралуу мен Атамбаевден да сурап көрдүм. Ал мага: «Акаевдин учурунда да Сооронбай Жээнбековго «кел досум, Акаевдин бийлигин кулаталы» десем, «жок, менин туугандарым чоң кызматтарда иштейт, болбосо, сен мененмин» деп далыга чаап алдап койчу. Кийин Бакиевдин убагында да, Бакиевди кулаталы десем, дал ошол эле сөздөрдү айткан»,- деп айтып берген. Алмазбек Атамбаев өзү ишенчээк адам да. Кийин 2009-жылы Жээнбеков Бакиевдер менен жакшы болбодубу. Шайлоону эрте кылган да ошол — Асылбек Жээнбеков. Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин анан баш көтөрө баштады да. Туугандарынын баары чоң кызматка келди. Эң өкүнгөнүм Бакиевдин режими, Акаевдин режими бардыгы үй-бүлөлүк кландан келип чыккан. Ошондон Жээнбеков сабак алган жок», — деди ал.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.