Мээрбек Мискенбаев: «Жээнбековдорду бийликтен кетти дегенге али эрте»

Жээнбековдорду бийликтен кетти дегенге али эрте. Жээнбеков эч качан бетме-бет согушкан эмес. Ал далыдан бычак саят. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Апрель элдик революциясынын баатыры Мээрбек Мискенбаев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров бир аз эле алсыраса Жээнбеков далыдан бычак саят. «Жээнбеков Акаевдин да, Бакиевдин да далысына бычак сайган. Атамбаев бийликте отурганда анын аркасы менен кызматтарга келип алышты да, анын да далысына бычак сайды. Мына Атамбаев азыр каякта отурат», — деди ал.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.