Мээрбек Мискенбаев: «Менин эң чоң катам — Текебаевди «мародёр» дегеним болду»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев болду. Ал «саясий оюнга түшүнүп-түшүнбөй аралашып кеткеним менин эң чоң катам, күнөөм болду» деп эсептейт.

«Менин Жогорку Кеңештеги эң чоң катам — Текебаевге асылганым, аны «мародёр» дегеним болду. Анда дагы ошол эле Асылбек Жээнбековдор «ушундай мародёрлуктар болгон, сен Баатырсың, сен айтпаганда ким айтат» деп шыкактап жатып, аягында өздөрү кайра мени колдобой саясий оюн болуп кеткен. Ошого жийиркенип калгам. Мародёрчулук темасы Өмүрбек Текебаев үчүн эле көтөрүлө берген оюнчук маселе болуп калды. Саясий оюнга түшүнүп-түшүнбөй аралашып кеткеним эң чоң катам болду»,- дейт Мискенбаев.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.