Мээрбек Мискенбаев: «Сооронбай Жээнбеков кантип президент болгонун, анан кантип кеткенин да түшүнбөй калды»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев «Сооронбай Жээнбеков эмне болуп президент болгонун, анан кызматтан кантип кеткенин да түшүнбөй калды» дейт.

«Ал экономикага көңүл бөлүп иштетпей эле, Атамбаевди камоонун аракетинде, бизди аңдып жүрүп алды. Атамбаевди кубалап, камасам деп жүрүп эле 3 жыл кантип өткөнүн өзү байкабай калды. Мен ойлойм да, Сооронбай Жээнбеков эмне болуп президент болгонун, кайра кызматтан кантип кеткенин да түшүнбөй калды»,- дейт экс-депутат.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.