Өткөн аптада Дубайда өткөн экс-президенттердин жана учурдагы президенттин жолугушуусунун талкуусу ушул күнгө чейин токтой элек. Эл ичинде жаралып жаткан бир топ суроолор менен депутаттарга кайрылдык.
Депутат Мейкинбек Абдалиевдин айтымында, мурдагы президенттер эртеби же кечпи жолугушу керек болчу. «Ар бир мурдагы президенттин бул жакта тарапташтары бар. Биздин президент тарыхта калат. Биз мурдагы президенттердин бир гана жаман жагын карап көрүп калганбыз. Жок, ар биринин жакшы жагы бар. Ар бир президенттин жакшы жактарын алып, ишин улантыш керек. Кыргыз эли улуу эл, кечиримдүү болушу керек. Мисалы, Аскар Акаев кечирим сурады. Мен Бакиевдин Кыргызстанга келишин колдойм же колдобойм деп айта албайм. Анткени, ал эл чечет. Биз депутаттар кимбиз? Мен жалгыз депутат эмесмин да», — деди ал.










