«Акимди тааныбаган айыл эли болуп жатат». Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, акимдерге эбегейсиз укук жана мүмкүнчүлүктөр берилди. «Өкмөт акимдерге көз салышы керек. Болбосо, акимдин район эли менен жолугушу күнүн белгилеп беришибиз керек», — деди ал.
Депутат экинчи маселе катары мектептеги китептерди көтөрдү. «Билим берүү тармагы китептерге муктаж болуп жатат. Чындап эле келечегибиз үчүн чоң нерсе. Китепке 5 миллиард сом акча керек экен. Биз айлыгыбыздан бөлүп берели. Мекемелер улантсын, азаматтар улантсын. Мен ушуну сунуш кылат элем. Биз баштап, айлыктан бөлүп берели», — деди ал.











