«Мекенчил» депутаттар тобу: «Кыргызстан менен Кытайдын бажыдагы товар жүгүртүүсү боюнча ортодогу 10 миллиард доллар кайда?»

«Мекенчил» депутаттар тобу Кытайдын статистикасына таянып, Кыргызстан менен Кытайдын бажыдагы товар жүгүртүүсү 15,5 миллиард долларды түзгөнүн билдирди.

«Кыргызстан менен Кытайдын бажыдагы товар жүгүртүүсү 15,5 миллиард долларды түзгөнүн Кытай Эл Республикасы статистикалык маалыматында көрсөткөн. Ал эми биздин Бажы кызмат 4,1 миллиард доллар болгонун айтууда. Ортодогу айырма кайда? Чынында эле бул тармакта коррупция жоюла элекпи?» — деди депутат Айбек Алтынбеков.