«Мекенчилдин» мүчөсү Бишкек мэрлигин мээлжеп жатат

Жогорудагы маалыматка улай эле Садыр Жапаровдун тарапташы Төрөхан Жунусбеков бүгүн маалымат жыйын берип, анда Бишкек шаарынын мэрлигин мээлжеп жатканын айтты. Жунусбеков өзү мэрияны башкаруу ою болбогонун, “Мекенчил” кыймылы аны көрсөткөнүн жана Садыр Жапаров да аны колдогонун билдирди.

“Түлеев менен Суракматов контрреволюция кылууга аракет кылган учурда биздин мекенчилдер мэрияга барып, Түлеевдин отставкасын талап кылышты. Ошондо сүйлөшүүлөр жүрүп, мага талапкерлигимди көрсөтүүнү сунушташты. Ага дейре мындай ниетим жок эле” дейт Төрөхан Жунусбеков.

Өзүнүн айтымында, ал Талас облусунда туулган жана 42 жашта. Эки жогорку билими бар. Бири экономикалык болсо, экинчиси юридикалык багытта.