Мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊешинин коомдук өкүлдөрү дайындалды

Талант Мамытов Жогорку Кеӊештин төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊешинин чет өлкөлөрдөгү коомдук өкүлдөрүн дайындады.

Алар төмөнкүлөр:

Абазбек Өмүрзаков — Япониянын Токио шаарында;
Назым Байбосунов — Япониянын Хиого префектурасынын Кобе шаарында;
Дөөлөтбек Керимбеков — АКШнын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында;
Сагынбай Расулов — Орусиянын Москва облусунда жана Москва шаарында;с
Рахманкул Муратбеков — Орусиянын Пермь шаарында;
Каныбек Орозбаев — Орусиянын Ленинград облусунда;
Алтынбек Сүйналиев — Орусиянын Санкт-Петербург шаарында;
Нурбек Исмаилов — Орусиянын Самара шаарында жана Самара облусунда;
Таалайбек Мамашов — Орусиянын Екатеринбург шаарында.
Мадина Жапарова — Түркиянын Анталья шаарында;
Чынар Чомоева — Сингапурда;
Самарбек Жумгалбеков — Германиянын Мюнхен шаарында;
Мирлан Курманалиев — Украинанын Киев облусунун Киев шаарында;
Улан Ташиев — Казакстандын Алматы шаарында жана Алматы облусунда;