«Мекенди коргоо — ар бир жарандын ыйык милдети.» Марипов мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Ата Мекен коргоочуларды майрамы менен куттуктады.

Ан ал, бул майрам патриоттук сезимди ойготот деп айткан.

«Мекенди коргоо — ар бир жарандын ыйык милдети. Бул майрам патриоттуулук сезимди ойготуучу чоң күчкө ээ. Бул күнү кылымдар бою мамлекетти сактоо үчүн кычыраган кышта, кайнаган ысыкта, күн-түн, ачка-ток дебей күжүрмөн нөөмөттө туруп, ак кызмат кылган бардык муундагы жоокерлердин эмгеги менен эрдиги даңкталат. Улуу муундун, ардагерлердин бүгүнкү келечектеги бейпил жашообузга кошкон салымы баа жеткис», — деп билдирди Марипов.