Мектеп директорлору эми конкурс аркылуу тандалабы? Эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду

Мектеп жана колледж директорлорун конкурстук негизде кызматка дайындап, ар беш жыл сайын аттестациядан өткөрүп туруу мыйзам долбоору иштелип чыкты. Долбоор Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлган.

Аталган мыйзам долбоорун парламенттин тогуз депутаты иштеп чыккан.  Максаты катары мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына кесипкөй жетекчилерди коюу экенин жана алардын кесиптик ишмердүүлүгүн баалоо тутумун жакшыртуу деп билдиришкен.

«Бүгүнкү күндө билим берүү уюмдарынын жетекчилерине педагогикалык эле эмес башкаруучулук, кадрдык, каржы-чарбалык жана уюштуруучулук маселелерин чечүү жүктөлгөн. Алар педагогдордон тышкары окуучулар, ата-энелер, кесиптик кошуундар, коммерциялык эмес уюмдар, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен иштөөгө милдеттүү. Ошону менен бирге ал жакшы педагог эле эмес, коллективди ийгиликтүү башкарган эффективдүү менеджер болуусу керек. Бирок билим берүү уюмдарынын жетекчисинин ролу бийик экенине карабай кесиптик компетенттүүлүгүн аныктоого жол берген конкурс жана аттестациялоо тутуму жок», — деп айтылат долбоордо.