“Мектеп лигасы” долбоорун ишке ашыруу министрлер кабинетинде талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында «Кыргыз Республикасынын «Мектеп лигасы» долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

«Жолугушуунун жүрүшүндө балдар жана өспүрүмдөр арасында спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жаштар арасында жайылтуу маселелери талкууланды. Билим берүү жана илим министрлигине бир күндүк мөөнөттө «Мектеп лигасын» өткөрүү боюнча регламенттин долбоорун жактыруусу жана жаңы окуу жылдын башталышында “мектеп лигасы” долбооруна старт берүү тапшырылды. Ошондой эле тиешелүү органдарга республиканын алыскы аймактарындагы мектеп командаларын долбоорго тартуу боюнча ишти күчтөндүрүү тапшырылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, «Мектеп лигасы» долбоору республиканын аймактарында спорттун мектептик командалык түрүн жайылтуу үчүн маанилүү. Келечекте мектеп лигасынын жеңүүчүлөрү эл аралык мектептер аралык таймаштарга катышат.