Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары арасында өтүүлүүчү республикалык олимпиаданын экинчи жана үчүнчү этаптарынын бардык предметтер боюнча тапшырмаларын иштеп чыга турган көз каранды эмес уюмду тандоо үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Ошондой эле министрлик тендердин жыйынтыгы чыккандан кийин олимпиаданын так убактысы аныкталарын кошумчалады. Жана акыл таймашынын форматына коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал экенин да билдирди.
Эске салсак, республикалык жалпы олимпиада жыл сайын төрт этап менен өткөрүлүп турат.










