Мелис Аспеков инфаркт болуп, реанимацияда жатат

СИЗО-1де активист Мелис Аспековдун жүрөгү кармап Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды. Бул тууралуу журналисттерге борбордун директору Акпай Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, Аспеков ооруканага 10-августта жеткирилген. «Бүгүн ал дарыгерлердин көзөмөлүндө реанимацияда жатат»,- деди ал.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу. 21-майда Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулган. 3-августта анын баш коргоо чарасы каралып, 3-августка чейин камакта калтырылган.