Мелис Мырзакматов: «Ар бир камоо — душман арттыруу. Андыктан бүгүнкү бийликтин түйшүгүн түшүнүп турам»

«Ар бир камоо — бир душман арттыруу. Алардын бала-чакасы, куда-сөөгү, жек-жааты Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду душман көрүп калышат. Алар өмүр бою душман, бала-чакасынан небересине чейин, өздөрүнүн көзү өтүп кетсе дагы. Ошондой жоопкерчиликти алуунун өзү эрдик»,- дейт Мелис Мырзакматов.

Ош шаарынын мурдагы мэри мындай пикирин СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө билдирди. «Мисалы, Сыймык Жапыкеев деген жигит өзүнүн башын тобокелге салып чыкты да? УКМКнын башында турган Камчыбек Кыдыршаевичти, ошолордун башында турган Садыр Нуркожоевичти алалы. Душман деген жөн жатпайт. Ушунча жыл мамлекетти мите курт болуп соруп келген адамдар токочунан айрылып калгысы келбейт. Алар өмүр бою күрөшөт. Ошондуктан, бүгүнкү бийлик башындагылардын түйшүгүн түшүнүп турам»,- дейт саясатчы.

Маек толугу менен шилтемеде.