Мелис Мырзакматов: «Кудай мени жаманга аралаштырбай алып чыгып, ага ошол саткындар себепчи болгон экен»

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов 2014-жылы өлкөдөн тышка чыгып кетип, жакында гана мекенге кайткан. Ал СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө кеңири маек берип, өзүн сатып кеткендерге азыр ыраазы экенин билдирди.

«Азыр бир күлкүлүү нерсе айтайын, мени туура эле сатып кетишкен экен. Ош шаарынын мэрин шайлоодо мени сатып кеткендерге кээде сыйлык бергим келип кетет, кайсы бир жаман иштерден сактап калышты. Кудай мени жаманга аралаштырбай алып чыгып, ага ошол саткындар себепчи болгон экен. Башкача айтканда эч кимге кегим жок. Кек кууп, өч алуу — алсыз адамдардын иши»,- деп эскерет, Мелис Мырзакматов.

Ош шаарынын экс-мэринин маегин толугу менен шилтемеден табасыз.