Мелис Мырзакматов: «Министрлик, ведомстволорду кошуп коюу — реформа эмес»

«Министрлик, ведомстволорду бири-бирине кошуп койгон — реформа эмес. Өкмөттүн түзүмүн жаңылоого эң эле аз дегенде 100-150 миллион сом кетет»,- дейт «Улуттар биримдиги» саясий партиясынын түптөөчүсү Мелис Мырзакматов. Саясатчы мындай пикирин СуперТВ телеканалында «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Мага койсо өкмөттүн мурдагы курамын өзгөртпөйт болчумун. Вице-премьерлерди деле ордунда калтырмакмын. Андан көрө акырындап, этап-этабы менен ар бир ведомствону өзүнчө реформага алып бармакмын. Өмөттүн түзүмүн жаңылоого эң эле аз дегенде 100-150 миллион сом керектелет. Ушунун азыркы абалда кереги бар беле? Эффективдүү иштөөнүн башка дагы жолдору бар. Албетте, сындай бериш оңой. Ошонүчүн жакшы ниет кылып, ийгилик каалап туралы. Жаңы президентибиз Садыр Нуркожоевичтин элиме жакшы жашоо тартууласам деген опол тоодой чоң каалоосу бар»,- дейт Мырзакматов.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.