Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Тургунбаев Мелис Жусупжанович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду.